ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жаңы мектептер курулат

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, «Ак-Ордо», «Мурас-Ордо» жаңы конуштарында жаңы мектептер курулат.

«Ак-Ордо» жаңы конушунда 960 окуучулук орунга ылайыкташтырылган мектепти куруу пландалууда. Комиссиянын чечими менен бөдрөтчү «Билдинг» ЖЧКсы жеңишке ээ болуп, 2016-жылдын октябрь айынан баштап  куруу-монтаждоо иштерин баштады.


«Мурас-Ордо» конушунда 550 окуучулук орундуу мектеп курулат. 2016-жылдын ноябрь айында мектептин курууга жер иштерин даярдоого тендер жарыяланат.


«Кара-Жыгач» жаңы конушунда мектептин имаратын оңдоо-калыбына келтирүү иштери каралып, жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. «Калыс-Ордо» конушунда 750 окуучлук орундуу мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө имараттын каркасын түзүү, дренаждык иштери жана мектептин электр менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.