ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Элебаев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, 17-октябрдан баштап оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Элебаев көчөсү Горький көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн жабылат.

Аталган бөлүктө жол катмарын оңдоо, тротуарларды, ирригациялык тутумдарды орнотуу, тышкы жарыктандырууну калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Оңдолуп жаткан бөлүктүн узундугу 316,7 погондук метр жана туурасы 6 метрди түзөт.


Оңдоо иштери  Бишкек шаарынын квартал аралык жана ички кичи райондук жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо программасынын алкагында жүргүзүлүп, ноябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алуусун суранат.