ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте окумуштуу Зияш Бектенов эскерилет

21-октябрда саат 10:00до Токтогул атындагы адабият жана искусства музейинде Зияш Бектеновдун 105 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өткөрүлөт.

Зияш Бектенов кыргыз тили жана адабият китептеринин түзүүчүлөрүнүн бири болгон. Иш-чаранын жүрүшүндө Зияш Бектеновдун кылган эмгектери эскерилет жана «Акак» комузчулар ансамблисинен концерттик программа тартууланат.


Жолугушууга университеттердин профессорлору,  анын  окуучулары, жакындары, жазуучулар, журналисттер жана Арабаев атындагы КМУ студенттери катышат.