ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «SCHOOL TRACK 2016» күзгү чуркоо өткөрүлдү

С. Чокморов айылында Тарых жана маданият жылына арналган «SCHOOL TRACK 2016» биринчи күзгү чуркоо өткөрүлдү.

Чуркоо 3 км аралыкта эки жаш курагында өткөрүлдү: 12 жаштан 14 жашка чейин жана 14 жаштан 16 жашка чейин.


Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова катышты.


Иш-чара сергек жашоого үндөө, окуучулардын дене тарбия менен машыгууга жана чуркоого чакыруу, күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.


Спорттук иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин концерттик программа уюштурулду. Ал эми спортчуларга «Европа Плюс» радиостанциясынын алып баруучулары Жан Войнов, Айыма Айылчиева, NonStop тобу менен биргеликте дем беришип, колдоп жатышты. Ошондой эле бардык катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.


12 жаштан 14 жашка чейинки кыздар арасында 1-орунду-  Камиль кызы Айнуска (№77 орто мектеби), 2-орунду - Бакытбек кызы Гулиза (С. Чокморов атындагы орто мектеби) жана 3-орунду  - Гульзада Хамидова (№18 орто мектеби) багындырды.


12 жаштан 14 жашка чейинки балдар арасында 1-орунга - Азамат уулу Темирлан (№77 орто мектеби), 2-орунга - Кирилл Тарасов (№23 орто мектеби) жана 3-орунга  - Данияр уулу Замирбек (№79 орто мектеби) ээ болду.


15-16 жаштагы кыздар арасында 1-орунду - Елена Татаркина (№65 орто мектеби), 2-орунду - Канатбек кызы Айчолпон (№8 орто мектеби) жана 3-орунду  - Яна Акмулина (№26 орто мектеби) алды.


 15-16 жаштагы балдар арасында 1-орунду - Султан Бакытбеков (№8 орто мектеби), 2-орунду - Канат Аралбеков (№18 орто мектеби) жана 3-орунду - Болот Раимбердиев (№79 орто мектеби) алды.


Жеңүүчүлөр шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынан диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.