ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы райондун 1200 аз камсыздалган үйбүлөсүн бекер көмүр менен камсыздайт

Свердлов райондук администрациясы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте аз камсыздалган үйбүлөлөргө бекер отун жана көмүр таратат.

Бул жылы райондун аймагында жашаган 1200 аз камсыздалган үйбүлөгө бир жарым тоннадан көмүр  тартуу пландалууда.


Белгилей кетсек, үстүб үздөгү жылдын ортолорунда Мамлекеттик сатып алуулар электрондук порталында көмүр сатып алууга конкурс жарыяланган. Конкурстук комиссиянын чечими менен «Бишкек көмүр соода үйү» компаниясы жеңишке ээ болду.


Райондун аймагында жашаган 45 төшөктө жаткан майыпка көмүр жеткирилип берилди. Жакынкы күндөрү дагы 15 үйбүлөгө жеткирилет. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жана туруктуу үй-жайсыз адамдардын борборуна көмүр берилди. 100 дөй үйбүлөгө  бекер отун таратылат.