ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өткөн дем алыш күндөрү салтка айланган айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү

 Бишкекте 15 жана 16-октябрда  салтка айланган айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү.

Жарманкеде шаардыктар кышкыга азык-түлүк сатып алууларына, ал эми дыйкан чарба ээлери өз продукциясын сатып өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.


Чүй облусунун бардык райондорунан ондогон  өндүрүүчүлөр ортомчуларсыз жер-жемиш, мөмө жемиштин түрлөрүн, бал, сүт жан эт азыктарын жарманкеде сатышты.
Азык-түлүктөрдүн жарманкеси төмөнкү даректерде өткөрүлдү:


Ленин районунда  «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө;


Октябрь районунда Токомбаев көчөсүндөгү «Асанбай» базарында;


Свердлов районунда  Ауэзов- Салиева көчөлөр кесилишинде;


Биринчи май районунун тургундары үчүн Свердлов райондук администрациясы Ибраимов жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен азык-түлүк жарманкесин өткөрүүгө  жер берди.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жарманкеде таза азык-түлүктөрүн сатып алууга жана кышка даярдыктарды көрүүгө чакырат.