ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Дем алыш күндөрү шаар тургундарын азык-түлүк жарманкеси күтөт

Бишкекте ушул жуманын эс алуу күндөрүндө салтка айланган айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлөт.

Жарманкеде шаардыктар кышкыга азык-түлүк сатып алууларына, ал эми дыйкан чарба ээлери өз продукциясын сатып өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.


Чүй облусунун бардык райондорунан ондогон  өндүрүүчүлөр ортомчуларсыз жер-жемиш, мөмө жемиштин түрлөрүн, бал, сүт жан эт азыктарын жарманкеде сатышат.


Азык-түлүктөрдүн жарманкеси «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө, Токомбаев көчөсүндөгү «Асанбай» базарында жана Ауэзов- Салиева көчөлөр кесилишинде өтөт.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жарманкеде таза азык-түлүктөрүн сатып алууга жана кышка даярдыктарды көрүүгө чакырат.