ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү

Октябрь районунда район башчысы Нурбек Курманбековдун жетекчилиги алдында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуда башчы  катышуучуларды шаардагы, райондогу коомдук-саясий абал менен тааныштырды. Балдар мекемелериндеги кароол кызматына, ата-энелер менен иштешүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле уюмдарга видео көзөмөл камераларын орнотуу маселеси талкууланды. Бардык бала бакчаларда видео камера орнотулбагандыктан 2016-жылдын аягына чейин камераларды орнотуу графигин түзүүнү белгиледи.

Жыйында камераларды орнотууга каражат бөлүү чечими чыгарылды.