ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жаңы парк курууну тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов калааны кыдыруунун жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга Щербаков көчөчсүнүн жээгине жаңы парк курууну тапшырды.

Калаа башчысы кытай грантына оңдолуп баштаган Иманалиев, Медеров, Достоевский көчөлөрүнүн капиталдык оңдоо иштерин жана Чоң Чүй каналынан Анкара көчөсүнө чыкчу көпүрөнү куруу иштерин, ошондой эле Көлмө, Арча-Бешик, Алтын Бешик, Көк-Жар, Алтын Ордо, Энесай, Дордой-1, Дордой-2 жаңы конуштарынын жолдоруна шагыл төгүлүп жатканын текшерди. Учурда шагыл төгүү иштеринин биринчи этабы бүткөрүлүп, экинчи этабы башталды.


Мындан тышкары, Албек Ибраимов  оңдолуп жаткан  “Дельфин” шаардык бассейнине барды, анда оңдоо иштери аяктоо алдында турат жана жакында  бассейн  колдонууга берилет.


Жыйынтыгында мэр "Бишкекбашкыархитектурага" жаңы парктын аянтын аныктоо жана  эскиздик долбоорун даярдоо менен бирге Щербаков көчөсүнөн Безымянный көчөсүнө кирген жолду кеңейтүүнү,  райондук администрацияларга жана муниципалдык менчик башкармалыгына шаардын көчөлөрүнө жеңилдетилген типтеги объектилердин  мыйзамдуулугун текшерүүнү, жол кызматына бардык оңдоо иштерин убагында бүтүрүүнү  тапшырды.


Көчмө жыйынга мэриянын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтарынын жетекчилери катышты.