ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 14-октябрдан баштап жылуулук берүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында шаардык кызматтарга жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында жылуулук мезгилинин башталышы боюнча маселе каралды. Гидрометборбордун маалыматы боюнча, борбор калаада 13-октябрдан баштап абанын температурасы 10-15 градустан төмөндо баштайт. Гидрометборбордун берген маалыматынын негизинде, 2016-жылы 14-октябрдан тартып шаардагы мекемелерге жана үйлөргө жылуулук берүү боюнча  чечим кабыл алынды.


“Бишкекжылуулукэнергиясы” коммуналдык ишканасы, “Бишкекжылуулуктармагы” ААК жана Бишкек шаардык ЖЭБ алдыдагы жылытуу мезгилине толугу менен даяр. Тартипке ылайык, жылуулук алгач ооруканаларга, балдар бакчаларына, мектептерге, андан кийин бишкектиктердин үйлөрүнө берилет.


Жыйындын соңунда  Албек Ибраимов тиешелүү кызматтарга үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягына чейин  бардык жол-курулуш иштерин  жана аз камсыз болгон жарандарга көмүр таратууну  тапшырды.