ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жолдорду оңдоого байланыштуу калаанын айрым көчөлөрүндө унаа үчүн кыймыл жабылат

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын квартал аралык жана ички кичи райондук жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо программасынын алкагында калаанын айрым көчөлөрүндө унаа үчүн кыймыл жабылат.

Учурда Тыныстанов көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Оңдолуп жаткан бөлүктүн  узундугу 570 погондук метр жана туурасы 7,5 метрди түзөт. Байтик Баатыр көчөсү боюнча Үчүнчү балдар ооруканасына кетүүчү жол учурда оңдолууда жана 10-ноябрга чейин бүтүрүү пландалууда.


11-октябрда ишкана №12 кичи районундагы  Жетикашакаева көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин узундугу 540 погондук метр жол оңдолуп башталды. Ошондой эле Жумабек көчөсү Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин узундугу 300 погондук метр жана туурасы 15,8 метр жол оңдолууда.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алуусун суранат.