ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Бишкек жана Ош» шаарларынын көйгөйлөрү жана ийгиликтери аталышта тегерек стол өткөрүлдү

«Вечерний Бишкек» пресс-борборунда «Бишкек жана Ош» шаарларынын көйгөйлөрү жана ийгиликтери аталышта тегерек стол жана «Бишкек-Ош» жаңы гезитинин бет ачаары болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардагы көйгөйлөр, тазалык, көрктөндүрүү, борборлордо курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар жана социалдык тармактардын көйгөйлөрү талкууланды.


Тегерек столго Бишкек шаарынын вице-мэрлери Геннадий Милицкий, Айгүл Рыскулова, «Жашылдандыруу», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканаларынын, билим берүү, социалдык өнүктүрүү, капиталдык курулуш  башкармалыктарынын өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманова жана ЖМК өкүлдөрү катышты.