ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Исхак Раззаковдун «Кыргыз Республикасынын баатыры» ордени музейге тапшырылат

2016-жылдын 11-октябрында Чуйков №90 дарегиндеги И.Раззаковдун үй-музей мемориалында саат 14:00до Исхак Раззаковдун «Кыргыз Республикасынын баатыры» ордени жана «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси музейге берилет.

Сыйлыктарды коомдук ишмердин кызы Эльмира Раззакова тапшырат. Аталган орден менен Исхак Раззаков 2010-жылдын 29-декабрында №377 УП «"Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен сыйланган.


Иш-чарага коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Раззаковдун жакындары, музейдин кызматкерлери жана шаардык маданият башкармалыгынын өкүлдөрү катышат.


Маалымат: Коомдук жана саясий белгилүү ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Фергана облусунун Кулунду айылында төрөлгөн. 1979-жылы 19-мартта Москвада көз жумган.


Учурда И.Раззаковдун атын Кыргыз мамлекеттик техникалык университети алып жүрөт. 2015-жылы «Раззаков» тарыхый фильми тартылган.