ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Мектеп лигасы» башталат

Калаанын мектептеринде 17-октябрда 13 спорттун түрү боюнча «Мектеп лигасы» спорттук программасы башталат.

Мектеп лигасына калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын  1999-2005 жылы туулган кыздар жана балдар командалары катышат.


Аталган иш-чара спорттун футзал, волейбол, баскетбол, жеңил  атлетика, шахмат, тогуз-коргол, стол  тенниси, ордо, дартс, таяк-тартыш, спорттук багыт алуу, шашки, бука тартыш  түрлөрү боюнча эки этапта өтөт.


Жеңүүчүлөр кубок, диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат. Спорттук иш-чара 2017-жылдын 25-майына чейин өткөрүлөт.