ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте дагы бир мектеп курулат

Ленин районунун «Ак-Ордо» конушунда жаңы жалпы билим берүү мектебинин пайдубалына салтанаттуу капсула коюу иш-чарасы өткөрүлдү.

Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев бул мектептин курулуш менен окуучулар сапаттуу билим алып, билим деңгээли жогорулатарын, ошондой эле бардык заманбап жабдуулар менен камсыздаларын белгиледи.


Жаңы мектеп 960 окуучулук орунга ылайыкталып, 30 класс  үчүн кабинет, спорттук жана актовый зал, лаборатория жана жайкы аянтча курулат. Жалпы билим берүү мектептин долбоорунда үч кабаттуу  имарат керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат. Мектептин курулушу жергиликтүү бюджеттин каражатына жүргүзүлүүдө.


Аталган капсула коюу иш-чарасына «Ак-Ордо» конушунун тургундары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары  Лев Васильев, Адиса Имангазиева, Канатбек Музуралиев, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов "Мс Билдинг" ЖЧК бөдрөтчү уюмунун өкүлдөрү катышты.