ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кезектеги «Күзгү Бишкек» иш-чарасы өткөрүлдү

Калаанын сейил бактарында дем алыш күндөрү Тарых жана маданият жылына арналган «Күзгү Бишкек» иш-чарасы өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, маданият үйүнүн, Борборлоштурулган китепканалар тармагынын чыгармачыл жамааттары катышты.


«Ата-Түрк» сейил багында улуу муундар үчүн «Диалог» маданият үйү тарабынан уюштурулган «Күзгү жашоо» эс алуу кечеси өткөрүлдү.


«Асанбай» сейил багында бардык шаар тургундары үчүн спорттук көрсөтүүлөр уюштурулду.


 Жаш Гвардия бульварында «Окуу убактысы» көргөзмөсү жана балдар үчүн конкурс жана оюндар, «Доор» фольклордук ансамбли жана «Диалог» маданият үйүнүн куурчактары  жагымдуу чыгармаларды жана көрсөтүүлөрдү тартууланды.


Панфилов сейил багында  «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблисинен «Жүрөктөгү ырлар» концерттик программасы көрсөтүлдү.