ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

11-октябрда калаанын айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 11-октябрында калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт.

«Түштүк-батыш» жана «Гагарин» суу алгычтарын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайков көчөлөрүндө жана «Ак-Өргө» конушунда суу токтотулат. Анын ичинде: «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында, Жер бөлүштүрүү институтунда, №55 орто мектебинде, Ленин районунун Аскердик комиссариатында, №5 мончодо, Гагарин көчөсү боюнча Бишкекжылуулукэнергонун казанында, «Кока-Кола», «Яшар» ЖЧКларында суу берилбейт.


«Кыргызконьягы», «Комбинат», «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧКларында, «Лина» фирмасында суунун басымы төмөндөйт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.