ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Күзгү Бишкек» иш-чарасы өткөрүлөт

Калаанын сейил бактарында 8-октябрда Тарых жана маданият жылына арналган «Күзгү Бишкек» иш-чарасы өткөрүлөт.

Майрамдык иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, маданият үйүнүн, Борборлоштурулган китепканалар тармагынын чыгармачыл жамааттары катышат.


«Ата-Түрк» сейил багында саат 15:00до  улуу муундар үчүн «Диалог» маданият үйү тарабынан уюштурулган «Күзгү жашоо» эс алуу кечеси тартууланат.


«Асанбай» сейил багында саат 16:00до бардык шаар тургундары үчүн спорттук көрсөтүүлөр уюштурулат.


 Жаш Гвардия бульварында саат 15:00до «Окуу убактысы» көргөзмөсү жана саат 16:00до балдар үчүн конкурс жана оюндар, «Доор» фольклордук ансамбли жана «Диалог» маданият үйүнүн куурчактары  жагымдуу чыгармаларды жана көрсөтүүлөрдү тартуулайт.


Панфилов сейил багында  саат 16:00до «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблисинен «Жүрөктөгү ырлар» концерттик программасы көрсөтүлөт.