Калаада «Күзгү Бишкек» иш-чарасы өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 07.10.2016 13:33
Калаанын сейил бактарында 8-октябрда Тарых жана маданият жылына арналган «Күзгү Бишкек» иш-чарасы өткөрүлөт.
Майрамдык иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, маданият үйүнүн, Борборлоштурулган китепканалар тармагынын чыгармачыл жамааттары катышат.
«Ата-Түрк» сейил багында саат 15:00до улуу муундар үчүн «Диалог» маданият үйү тарабынан уюштурулган «Күзгү жашоо» эс алуу кечеси тартууланат.
«Асанбай» сейил багында саат 16:00до бардык шаар тургундары үчүн спорттук көрсөтүүлөр уюштурулат.
Жаш Гвардия бульварында саат 15:00до «Окуу убактысы» көргөзмөсү жана саат 16:00до балдар үчүн конкурс жана оюндар, «Доор» фольклордук ансамбли жана «Диалог» маданият үйүнүн куурчактары жагымдуу чыгармаларды жана көрсөтүүлөрдү тартуулайт.
Панфилов сейил багында саат 16:00до «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблисинен «Жүрөктөгү ырлар» концерттик программасы көрсөтүлөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |