ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Безгек чиркейи.

Безгектин чиркейи Анофелес – темгил кош канаттуу кан соруучу чымын – чиркейлерге кирет. Чиркей конуп олтурганда денеси башынан жогору турат.  
Ургаачы чиркей канга тойгондон кийин, анын курсагында жумурткалары жетилет (200 – 350гө чейин). Жумурткасын суусу бар чуңкур жерге тууйт – көлчүктөргө, суу токтоп калган жерлерге, ал эмес шаардагы үйлөрдүн подвалдарында. Арадан 2 – 3 күн өткөндөн кийин жумурткадан личинка чыгат, 8 – 15 күндүн ичинде, эгерде күн жылуу болсо (16 градустан жогору), личинка куурчакчага айланат, андан 2 – 3 күндөн кийин кадимки чиркей болуп учуп чыгат.
Эгерде чиркейдин соргон каны безгек менен ооруган адамдыкы болсо, анда ал чиркей ооруну таратуучу болуп калат.
Бишкек шаарына жер которуп келгендердин жергилүктүү калктарга оору жуккан учурлар бар.
Адам чиркей чаккандан 10 – 14 күн өткөндөн кийин ооруга чалдыгат.
 
Безгектин белгилери:
·                     эт ысып куйуп, денени калтыратат (t 38 – 40 градуска чейин көтөрүлөт), жан тери келет;
·                     оорунун кармашы эртең менен башталып , 6 – 13 саатка чейин созулат. Арадан 48 – 72 саат өткөндө оорунун кармашы кайра кайталанат;
·                     көк боор жана боор чоңойот, ооруксунат;
·                     кан азаят;
·                     эринге, мурунга, тула бойго учук чыгат;
·                     тери, көздүн агы саргаят.
 
Чиркейлер адамдарды кечкурун, күн уясына батканда же таң атканда кол салышып, чагышат.
 
Ооруну болтурбоо үчүн үйдөбү же сырттабы чиркейден сактануу керек:
·                     эшик, терезени тор же даки менен жакшылап жабуу керек;
·                     түнкүсүн атайын жабдылган алачыктын ичине уктоо керек (айрыкча балдар);
·                     үйгө кирген чиркейди өлтүрүп туруу талапка ылайык;
·                     денени көргөзбөгөн узун кийим (узун жең, багелек ж.б.) чиркейден сактайт;
·                     чиркейди жыты менен коркутуучу аэрозоль же май түрүндөгү РЕПЕЛЛЕНТти сыйпап коюш жакшы натыйжасын берет.
 
ЦГСЭН г.Бишкек