ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын 9 көчөсүнүн тышкы жарыгы оңдолду

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, калаанын 9 көчөсүнүн тышкы жарыгы оңдолду.

Учурда Көлбаев, Жаш Гвардия бульвары, Безымянной көчөлөрүндөшү тышкы жарыктандыруулар  оңдолуп, «АКН-ЭлектроКомпани» ЖЧКсы Лев Толстой, Чолпон-Ата, Осмонкул көчөлөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүдө.


Лев Толстой көчөсүнүн Фрунзе менен Ибраимовго чейинки тилкесине 222 чырак орнотулуп, 7500 метр электр зымдары тартылып 15 түркүк орнотулду. Чолпон-Ата көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкесине 125 чырак орнотулуп, 4576 метрлик электр зымдары тартылган. Мындан тышкары, Осмонкулов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен "Шоро" заводуна чейинки тилкесине 59 чырак орнотулуп, 2335 метрлик электр зымдары тартылды


Садырбаев көчөсүнүн  Л.Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин «MS BUILDING» ЖЧК бөдрөтчү компаниясы тарабынан 49 чырак орнотулуп, 2070 метр зым тартылды.


Каралаев, Куттубаев көчөлөрүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин 35 чырак орнотулду, ошондой эле 1225 метр зым тартылууда. Ал эми Куренкеев көчөсүнүн М.Ганди көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнө чейин 95 чырак орнотулуп, 3800 метр зым тартылып бүткөрүлүүдө.