ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы КР алгачкы балдар хосписине имарат бөлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында калаа башчысы Албек Ибраимовдун «Помогать легко» коомдук фондунун жана КР алгачкы балдар хосписинин түзүүчүсү Динара Аляева менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Мурда Динара Аляева муниципалитетке КР балдар хосписин уюштурууга имарат бөлүү жөнүндө сунушу менен кайрылган. Кайрылууну карап чыгып, Бишкек шаарынын мэриясы Жаш Гвардия бульвары №71 а дарегинде жайгашкан имаратты берди.


Аталган имарат буга чейин №2 балдар кургак учук ооруканасы катары иш алып барып келген. Ал кургак учукка каршы күрөшүү кызматын оптимизациялоо үчүн жабылган.


Эми имараттын экинчи кабатында балдар хосписи иштей баштайт. Ал эми биринчи кабатта райондун калкын тейлөөчү Тез жардам кызматын жайгаштыруу пландалууда.


Муниципалитет коммуналдык тейлөө чыгымдарын мойнуна алууну пландоодо. Мындан тышкары, имаратты ижарага берүүдө 100 пайыздык жеңилдик көрсөтүү сунушу Бишкек шаардык кеңешине берилет. Жолугушууга вице-мэр Айгүл Рыскулова, шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Кубанычбек Кулбатыров катышты.