ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында чет өлкөлүк делегация менен жолугушуу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында муниципалитет башчысы Албек Ибраимовдун чет өлкөлүк инвесторлор менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Албек Ибраимов Иран, Испания, Монголия, Казакстанда иштеп бир консорциумга бириккен инвесторлордун  ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар менен тааныштырылды.


Консорциумдун өкүлдөрү Бишкек шаарында көпүрө, туннель жана жаңы жолдорду курууга даяр экендигин билдиришти.


Жолугушууга биринчи вице-мэр Эрнис Зарлыков, вице-мэрлер Бакытбек Дюшембиев жана Эркинбек Исаков, "Метсед Интл" корпорациясынын операциялык кызматынын башчысы Махди Матин, "Незар Инжиниринг" компаниясынын президенти жана башкаруучу төрагасы Мохаммад Али Незират, "Назамб" консалтинг тобунун башчысы Мехмет Назым Дал, «Борбордук Азиялык өнүктүрүү фонду» АК президенти Жума Абдуллаев жана "Даиман Про" ЖЧКсынын башкы директору Адиль Кайбалиев катышты.