ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министринин орун басары менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Албек Ибраимовдун Япониянын  жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министринин орун басары Хирофуми Ханаока мырза менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана реконструкциялоого инвестициялык каражат салуу маселеси талкууланды.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков, вице-мэрлер Бакытбек Бюшембиев, Геннадий Милицкий, Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын төрагасы Ырысбек Мааткабылов, Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министринин орун басары Хирофуми Ханаока,  «JICA» эл аралык кызматташуу боюнча Япон агенттигинин өкүлдөрү катышты.