ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Бишкек шаарындагы коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү эрежелерин сактоо» аталышында тегерек стол өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында «Бишкек шаарындагы коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү эрежелерин сактоо» аталышында тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун жүрүшүндө «Аялдамага барабыз» акциясынын уюштуруучулары тарабынан өткөрүлгөн иштер жана жүргүнчүлөрдү аялдамалардан отургузуу  жана түшүрүү талаптарын камсыздоо көйгөйлөрү,  шаардык аялдамалардын абалы, ташуучулар тарабынан жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү эрежелерин сактоосу (учурдагы  абал, көйгөй, сунуш) айтылып, талкууланды.


Патрулдук милиция башкармалыгы жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү талаптарын сактоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө айтып  беришти.


Тегерек столго Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий, мэриянын аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиев, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болот Мамышев,  патрулдук милиция башкармалыгы, жүргүнчүлөрдү ташуу фирмаларынын ассоциациясы, коомдук уюмдар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.