ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Дельфин» бассейнин оңдоо боюнча билдирет

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 20-майында сынактын катышуучуларынын сынактык билдирмелерин ачуу болуп өткөн.

Сынакка “Дельта-Лот” ЖЧКсы “Ал-А-Бер” ЖЧКсы менен консорциумда – 36 500 808 сом,  КОМСТРОЙ Компани” ЖЧКсы “Баден Сервис СЭЗ” ЖЧКсы менен консорциумда – 47 700 000 сом, “Евростандарт” ЖЧКсы – 39 200 000 сом,“Ош-Инжстрой” ЖЧКсы  – 45 797 248 сом, “ЭЛИТ –СТРОЙ-СИТИ” ЖЧКсы – 41 935 832 сом, “Юг Строй” ЖЧКсы – 52 000 000 сом,“Азат” КТМ ЖЧКсы – 48 224 392 сом катышты.

КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесинин 7-п. 1. пунктчасына ылайык, тактап айтканда, “Юг-Строй” ЖЧКсы акыркы 3 жыл ичинде мындай аткарылган жумуштары жок болгондуктан квалификациялык талаптар боюнча четтетилген. Ошондой эле СБКК (Сынактык билдирменин кепилдигин камсыздоо).

КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесинин 7-п. 4- пунктчасына ылайык, тактап айтканда, техникалык параметрлери боюнча Дельта-Лот” ЖЧКсы, “Ош-Инжстрой” ЖЧКсы,“Элит-Строй Сити” ЖЧКсы,“Евростандарт” ЖЧКсы, “Юг Строй” ЖЧКсы четтетилген

Сынактык комиссия “КОМСТРОЙ Компани” ЖЧКсы менен “Баден Сервис СЭЗ” ЖЧКсынын консорциумуна эң төмөн наркы боюнча 47 700 000 (кырк жети миллион жети жүз миң ) сом жалпы суммага  подряд келишимин түзүүгө укук берген.
Комиссия “К-К” ЖЧКсы менен “Б-С” ЖЧКсынын консорциумунун биздин республикада эле эмес жакынкы чет өлкөлүк республикаларда (Казакстан, Москва, Турция ж.б.)  мындай жумуштар боюнча чоң тажрыйбасын эске алуу менен бул компанияларды  тандаган. Подряд келишими 2016-жылдын 22-июнунда 47 700 000 (кырк жети миллион жети жүз миң ) сом суммага түзүлгөн.

 

КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесине ылайык “Дельфин” сүзүү бассейнин капиталдык оңдоого жумуштарды сатып алууга сынакка катышуучулардын билдирмелерин кароодо квалификациялык талаптардан өтпөгөн катышуучулар четтетилген, анын ичинде, “Ош-Инжстрой” ЖЧКсы да, калган эки катышуучудан “Комстрой компани” ЖЧКсы жана “А” ЖЧКсынын ичинен комиссия “Комстрой компани” ЖЧКсына эң төмөнкү наркы боюнча келишим түзүү укугун берген. Ошондуктан сынактын жеңүүчүсүн аныктоо процедурасы КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн деп эсептейбиз.
“Дельфин” сүзүү бассейни объектиси боюнча  оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары келишимге, курулуш ченемдерине жана КЧжЭге, “Гарант Проект” ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан долбоорго   ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүүгө болот.

Объектини өткөрүп берүү мөөнөтүнүн кыскалыгына жана объектинин социалдык маанилүүлүгүнө  байланыштуу  жумуштар эки нөөмөттө жүргүзүлүп жатат. Объектиге орточо алганда 70-100 жумушчу тартылган. Таяныч конструкцияларды күчөтүү, аны менен бирге жасалгалоо, вентиляциялык, сантехникалык, бетондук, ширетүү ж.б. жумуштары жүргүзүлүп жатат.
 
Оңдоо процессинде долбоордо каралбаган кошумча жумуштар да табылууда жана аларды аткарууга кошумча убакыт жана каржылык чыгымдар талап кылынат. Учурда жумуштардын көпчүлүк бөлүгү аяктаган жана объектини мөөнөтүндө өткөрүп берүү үчүн бардык аракеттер жумшалууда.

Жумуштардын жүрүшүнө долбоорлоо институту “Гарант проект” ЖЧКсы (автордук көзөмөл) жана Бишкек шаарынын мэриясынын ККБсынын адистери тарабынан контрол жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ККБсы кылмыш иши козголгондугу тууралуу ЖМКдан маалымат алгандыгын белгилеп кетүүгө болот.  Ошентип, КРнын КПКсына ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын ККБсы ага каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу токтом менен тааныштырылган эмес.

Башкы прокуратура “О.И.” ЖЧКсынын Бишкек шаарынын мэриясынын ККБсына каршы негизсиз айыптоосун белгиленген мыйзамдык тартипте териштирет жана Бишкек шаарынын мэриясынын ККБсын негизсиз айыптоолордон коргоону камсыз кылат деп ишенебиз.