ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов КР Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Есихиро Ямамур менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында калаа башчысы Албек Ибраимовдун Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Есихиро Ямамур менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Япония элчилиги менен шаардык муниципалитеттин кызматташуусу, 2016-жылдын 5-октябрында өткөрүлө турган инфраструктуралык долбоорлор боюнча Кыргыз-Япон Форумун өткөрүү талкууланды.


Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана оор турмуштук кырдаалдагы балдар менен иштөөдө Япония менен тажрыйба алмашууну сунуштады жана көрсөтүлүп жаткан жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди.


Жолугушууга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков, вице-мэрлер  Айгүл Рыскулова жана Эркин Исаков, ошондой эле КР Япония элчилигинин Экинчи Секретары Такахиро Мацумото катышты.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов элчини дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.