Свердлов районунун башчысы райондун узак жашоочусун Эл аралык карылар күнү менен куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 03.10.2016 10:39
Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков «Эне-Сай» конушунда жашаган 101 жаштагы Сайна Тогомбаеваны Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.
Сайна Тогомбаевага 5 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам жана азык-түлүк, эстеликке белек тапшырылды.
Узак жашоочунун кызы үйүндө ысык суу жоктугуна байланыштуу суу жылыткыч көйгөйүн чечип берүүнү суранды. Самарбек Болотбеков жакын арада суранычын аткарып, суу жылыткыч белек кыларын белгиледи.
Бир нече күндүн ичинде Свердлов районунун 90 жашка чыккан жана андан ашкан 215 узак жашоочусуна материалдык жардамдар көрсөтүлүп, белектер тапшырылат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |