ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таза суу камдап алуусун суранат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 4-октябрда саат 9:00дон 17:00го чейин калаанын айрым райондорунда тазаа берүү токтотулат.

«Тоголок Молдо» суу алгычын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу Манас, Фрунзе, Логвиненко көчөлөрүндө жана темир жол сызыгында, анын ичинде: Бишкек техникалык колледжи, №3 дирекция, «КазКоммерцБанк», тез жардам станциясында, №1 стоматологиялык поликлиникада, борбордук сүйлөшүү пунктунда, ООН үйүндө, Мамлекеттик салык инспекциясында, «Бета Иншаат-Ятырымжалык» ЖТАК, Улуттук кардиология борборунда, Улуттук госпиталда, клиникалык төрөт үйүндө, «Промпроект» ААК, ардагерлер бейтпканасында, №70 мектеп-гимназиясында, Россия элчилигинде, Керимбеков көчөсү 51 дареги  боюнча №47 бала бакчасында, Манас проспектиси 9/1 дарегиндеги №184 бала бакчасында, Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү №115 бала бакчасында ичүүчү суу берүү токтотулат.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.