Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таза суу камдап алуусун суранат
- Подробности
- Опубликовано 03.10.2016 10:35
«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 4-октябрда саат 9:00дон 17:00го чейин калаанын айрым райондорунда тазаа берүү токтотулат.
«Тоголок Молдо» суу алгычын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу Манас, Фрунзе, Логвиненко көчөлөрүндө жана темир жол сызыгында, анын ичинде: Бишкек техникалык колледжи, №3 дирекция, «КазКоммерцБанк», тез жардам станциясында, №1 стоматологиялык поликлиникада, борбордук сүйлөшүү пунктунда, ООН үйүндө, Мамлекеттик салык инспекциясында, «Бета Иншаат-Ятырымжалык» ЖТАК, Улуттук кардиология борборунда, Улуттук госпиталда, клиникалык төрөт үйүндө, «Промпроект» ААК, ардагерлер бейтпканасында, №70 мектеп-гимназиясында, Россия элчилигинде, Керимбеков көчөсү 51 дареги боюнча №47 бала бакчасында, Манас проспектиси 9/1 дарегиндеги №184 бала бакчасында, Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү №115 бала бакчасында ичүүчү суу берүү токтотулат.
«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |