ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө арналган жарманке өткөрүлдү

Бүгүн, 1-октябрда Курманжан Датка аянтчасынын алдында Эл аралык карылар күнүнө арналган улгайган адамдар жасаган буюмдарга жарманке өткөрүлдү. Иш-чараны  Бишкек шаарынын мэриясы Карылар үчүн ресурстук борбору менен биргеликте уюштурду.

Жарманке «Жүрөктөн жүрөккө» акциясынын алкагында өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова улуу муундун өкүлдөрүн куттуктап, бекем ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо каалады.


Жарманкеде жүндөн, кийизден жасалган буюмдар, улуттук сувенирлер, тамак-аштар сатылды.Мындан тышкары, жарманкенин алкагында шахматтык мелдеш өткөрүлүп, катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланды.


Аталган иш-чаранын максаты- улгайган адамдарга мамлекеттин жана коомдун көңүлүн бурдуруу, кошумча каражат табуу болуп саналат.