ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов узак жашаган Анна Соколованы Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан узак жашаган Анна Соколованы Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Бишкек шаарынын мэриясы 107 жаштагы Анна Григорьевнаны майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, узак өмүр жана жакындарынын жылуу  мамилесин каалады.


Улгайган бишкектикке 10 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү. Каражат мамлекет башчысынын 100 жаштан ашкан 238 жаранга жардам көрсөтүү буйругунун алкагында берилди.


Кезегинде узак жашоочунун кызы апасы бул жылы 107 жашка толгондугун, ал эми паспортто башка курак 105 жаш көрсөтүлгөндүгүн  белгиледи.