ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу мугалимдер!

Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Мугалимдик кесип эң ардактуу, эң сыймыктуу кесип. Анткени сиздер келечек муундарын даярдап, аларга татыктуу билим жана тарбия берип, шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп жатасыздар.

Өлкөнүн келечеги Сиздердин ишиңиздерден көз каранды.  

Мугалимдер нечендеген мыкты инсандарды, ар түрдүү кесиптин ээлерин жана жакшы адамдар тарбиялап, эл жери үчүн, мекени үчүн эмгектенген эр азаматтарды, даанышман адамдарды учурат.  Сиздердин өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодогу эмгегиңиздер баа жеткис.

Бишкек шаарындагы билим берүү тармагында мыкты мугалимдер эмгектенишет. Буга далил катары окуучуларыбыздын эл аралык жана республикалык олимпиадаларда жетишкен ийгиликтерин айта алам.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 137 347 окуучу билим алып жатат. Окуучулардын көптүгүнө карабастан биздин мугалимдер татыктуу, сыймыктана турган келечек жаштарын,  тарбиялоодо.

2015-жылдын декабрь айынан тартып «Жаш мугалимдин депозити» программасы иштеп, конкурска тандоодо 100дөн ашык  жаш адис өттү.

Белгилей кетсек, акыркы 3 жылда 2 жаңы мектеп курулуп, 2 мектепке чейинки билим берүү уюму оңдолуп, балдарга билим берүүдө.  Ошондой эле өткөн жылы Октябрь жана Свердлов райондорунда 2 бала бакча ачылып, кичинекей бөбөктөрдү кабыл ала баштады. Мэрия бул  багыттагы иштер дагы уланта берет.

Урматтуу мугалимдер!

Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бардыгыңздарга чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм жана эң негизгиси, окуучулардын Сиздер үчүн арналган жалындуу тилектери эч качан бөксөрбөсүн!

Майрамыңыздар менен!


Урматтоо менен,
Бишкек шаарынын мэри         А.Ибраимов.