ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Оңдоо иштерине байланыштуу Шопоков көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрдан тартып оңдоо иштерине байланыштуу Шопопков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин унаа кыймылы үчүн жабылат.

Аталган тилкеде жол оңдолуп, тротуарлар, иригациялык тутумдар орнотулат жана тышкы жарыктандырууну толугу менен калыбына келтирүү пландалууда. Оңдоо иштери октябрь айынын ортосунда жыйынтыкталып, унаа кыймылы үчүн ачылат.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алуусун суранат.