ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунун башчысы Ибраимов көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктөрдү текшерди

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков 27-сентябрда Ибраимов-Линейный көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөрдү текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өтмөктөрдүн дубалдарына аэрозолдук боёктор менен сүрөттөр тартылып, таштандылар ташталгандыгы аныкталды жана МАБдардын башчылары жана «Тазалык» МИ кызматкерлери жер алдындагы өтмөктөрдү тазалашты.


МАБдардын кызматкерлеринин айтуусу боюнча, айрым адамдар өтмөктөрдүн алдында ичимдиктерди ичип, таштандыларды таштоодо. Бул шаар тургундарынын өтүүсүнө кыйынчылыктарды жаратууда.


Бишкек шаарынын мэриясы жана Свердлов райондук администрациясынын жетекчилиги учурда көрктөндүрүү жана анын ичинде тышкы жарыктандырууну орнотуу планын   иштөөдө.


Мурда «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы аталган өтмөккө жарыктандыруу орноткон. Бирок бүлдүргүчтөр орнотулган жабдууларды талкалап кетишкен.


Бишкек шаарында жалпысынан 5 өтмөк бар: Ленин районунда 5, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунда 2 ден өтмөк.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таштандыларды таштабоого, дубалдарга сүрөттөрдү тартпоого, шаарды сүйүүгө жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгектерин сыйлоого чакырат.