ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Эс алуу күндөрү экинчи ирет «Күзгү Бишкек» акциясы өткөрүлдү

Калаанын сейил бактарында 24-сентябрда Тарых жана маданият жылына арналган «Күзгү Бишкек» акциясы өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Иш-чарага маданият үйүнүн, Борборлоштурулган китепканалар тармагынын чыгармачыл жамааттары катышты. Мындан тышкары, бардык сейил бактарда «Ачык асман алдындагы китепкана» иш-чарасы өткөрүлдү.


«Ата-Түрк» сейил багында улуу муундар үчүн «Диалог» маданият үйү жана «Кыргыз Руху» фольклордук ансамбли тарабынан уюштурулган «Күзгү жашоо» эс алуу кечеси тартууланды.


«Асанбай» сейил багында бардык шаар тургундары үчүн «Доор» фольклордук ансамблисинин жагымдуу чыгармалары аткарылды.


Жаш Гвардия бульварында «Окуу убактысы» көргөзмөсү жана Бишкек шаарынын мэриясынын үйлөмө аспаптар оркестринен  вальс, марш, жаз композициялары, 70-80-жылдардагы ырларды камтыган «Күзгү жалбырак» программасы тартууланды.


Панфилов сейил багында «Казачья песня» фольклордук ансамбли концерттик программа уюштурду.