ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитет жарнама такталарды алуу иштерин улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан борбордук көчөлөрдү ири көлөмдүү жарнама конструкцияларынан арылтуу максатында 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин Ахунбаев көчөсүндөгү Г-түрүндөгү 10 жарнама  такталары алынды.

Алуу иштери түнкү убакта жүргүзүлүүдө.


Ахунбаев көчөсү боюнча алынган жарнама такталарынын тизмеси:


Ахунбаев –Жукеев Пудовкин көчөлөрүндөгү «Айрон медиа» ЖЧКсы,   «Мааткабылов» ЖИ, «Викстар» ЖЧК,  Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүндөгү «Байтур» ЖЧК, Ахунбаев-Малдыбаев көчөлөрүндөгү «Пак» ЖИ, Ахунбаев-Белорусская көчөлөрүндөгү «Человеческие ресурсы» ЖЧК,  Ахунбаев –Бектенов көчөлөрүндөгү «Викстар» ЖЧК, Ахунбаев-Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү «Эльнур дан» ЖЧК, Ахунбаев –Абай көчөлөрүндөгү «Айрон медиа» ЖЧКсынын жарнамалары алынды.
Бүгүнкү күндө аталган багыттагы иштер улантылууда.


Бишкек шаарынын мэриясы жарнама ээлерин жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен кароого жана шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн  жаңы жарнамалык  технологияларды колдонууга  чакырат.