Калаанын айрым жерлеринде таза суу токтотулат
- Подробности
- Опубликовано 26.09.2016 10:09
«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 27-сентябрда саат 9:00дон 15:00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат.
«ХБО» суу алычын оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу Шабдан Баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрүндө жана темир жолдун катарында таза суу берилбейт. Анын ичинде: №99 лицей, «Бишкек-Нан» ААК, «Завод «ДСМ» АК, «Ак-Марал Дизайн Сервис» корпорациясы, №3 БПАТП, Бишкек шаардык авто окутуу комбинаты, КыргызАвтоВАЗ, «Дасмия» рестораны, «Автобытсервис» АК, ЧуПВЭС, «КТИ Агромаш» АК, «Медиафарм» АК, саламаттыкты сактоо департаментинин автобазасы, «Электротехник» АК, Горький көчөсү боюнча «Мегомедиа» басмаканасында, «Айдан-фарма» ЖАК, «Ювента» ЖЧКсында ичүүчү суу берилбейт.
«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |