Бишкек шаарынын мэриясы «Газпром нефть Азия» компаниясын мааракеси менен куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 21.09.2016 11:41
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Газпром нефть Азия» компаниясынын 10 жылдык мааракеси белгиленди.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун атынан вице-мэр Бакыт Дюшембиев куттуктап, Бишкек шаарындагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.
«Бишкек шаарынын тургундарынын жаркын келечеги жана калаанын өсүп-өнүгүүсүнө багытталган ишиңиздерди ийгиликтер коштосун. Борбор калаабызды өнүктүрүүдөгү, конуштарды газдаштыруу, балдар спорт аянтчаларын жана спорт комплекстерин ачуудагы эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем»,-деди вице-мэр.
Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары менен төмөнкүлөр сыйланышты:
Макилов Кересбек Израилович —№98 АЗС башкаруучусу;
Жаманкулова Аида Сапарбековна — өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Примбердиев Мурат Дуйшеевич — капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы.
Аталган иш-чарага КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КР Президентинин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов жана РФ Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Андрей Крутько катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |