ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таза суу камдап алуусун суранат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 22-сентябрда саат 9:00дон 18:00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берилбейт.

«Контррезервуар» суу алгычын оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу, Достоевский, Горький, Ауэзов көчөлөрүндө жана темир жолдун катарында  таза суу берилбейт. Анын ичинде: «Алтын-Ордо», «Кара-Жыгач» конуштарында, Кыргыз-Түрк университетинде, «Реемстма» ААК, №18 кесиптик лицейи, «Сулуутор» кондоминиуму, «Алтын-Ажыдаар» ЖЧКсы, Виноградный көчөсү 1  боюнча «САБ №1» ЖЧКсы, БУПП-3, «СЭМ» компаниясы, «Ыссык Нан» ЖЧКсы, «Ак-Жолтой» АК, «Аман-Жол» АК, №93 кесиптик окуу жайы, «Кыргызэнергоремонт» АК, Чолпон-Ата көчөсү боюнча  «Гранд Комфорт» СБ, Физиология институту, Унаа чогултуучу завод, Республикалык МАИ, «Антибиотики» ЖЧКсы, «Даана» окуу-тарбиялык борбору, «Экзотика» ЖЧКсынын кеңсеси, «Аструм-Берекет»  ЖКЧсы, «Зинанын торттору» АК, «Имхотек» ЖЧксы, Байпак фабрикасы (мурдагы «Аяз групп»), Виноградная, 1«а» дарегинде жайгашкан Шаардык муз тебүү аянтында таза суу берилбейт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.