ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаардык ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкекте 19-сентябрда КР премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун, КР Экономика министри Арзыбек Кожошевдин жана Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиевдин катышуусунда ишкерлер күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун атынан вице-мэр Бакытбек Дюшембиев куттуктап, ишкерлердин шаарды өнүктүрүүдөгү салымы зор экенин белгиледи.


«Бүгүнкү күндө сиздер жумушчу орундарды түзүүнү улантып, ишканаларды калыбына келтирип, дүйнөлүк соода рыногуна чыгып, ишмердүүлүктүн жаңы багыттарын өздөштүрүп келе жатасыздар.Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, ишиңиздерге  ийгилик жана баардык алдыга койгон максаттарга жетүүнү каалайм»,-деди вице-мэр.


Бишкек шаарынын мэриясыны атынан шаардык ишкерлерге ардак грамоталары тапшырылды.


Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын ишкерлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.