ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын сейил бактарында «Күзгү Бишкек» иш-чарасы өткөрүлөт

17-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Мааданият башкармалыгы КР Тарых жана маданият жылына карата «Күзгү Бишкек» иш-чарасын өткөрөт.

Иш-чаранын максаты – шаардыктардын маданияттуу эс алуусун уюштуруу болуп саналат. Иш-чарага чыгармачылык жамааттар, маданият үйлөрү, маданият башкармалыгынын алдындагы борборлоштурулган китепканалар тармагы катышат.


«Ата-Түрк» паркында саат 15:00до «Жашоонун күзү» аталышта улуу муундар үчүн эс алуу кечеси, ал эми саат 16:00до «Диалог» маданият үйүндө   “Сувенир” элдик ансамблисинин концерти өткөрүлөт.


 «Асанбай» паркында саат 15:00до ушу спортчуларынан спорттук көрсөтүүлөрү, «Йога» боюнча мастер-класстар, саат 16:00до “Кыргыз Руху” фольклордук ансамблисинин концерттик программасы тартууланат.


Жаш Гвардия бульварында саат 15:00до «Окуу убактысы» китептер көргөзмөсү өткөрүлөт.


Панфилов паркында саат 16:00до  үйлөмө аспаптар оркестри «Күзгү жалбырак» аталышта концерттик программа тартуулайт. Андан кийин вальс, марштар, жаз композициялары,70-80-жылдардагы эстрада ырлары жаңырат жана «Вальс бийлегенди үйрөнөбүз» мастер-классы өткөрүлөт.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун күзгү майрамга чакырат.