ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу» долбоорунун I- фазасынын натыйжалары боюнча презентация өттʏ

Бүгүн, 14-сентябрда  "Орто-Алыш" суу алгычынын аймагында «Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу» долбоорунун I-фазасынын натыйжалары жана «Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоорунун II-фазасына тиешелүү иш-чаралар боюнча презентация өттү. 

Презентацияга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Ренэ Холенштайн, ЕРӨБ регионалдык директору Нил МкКейн, «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын (ӨЭБ) башчысы Асылбек Исаев катышты.  


Иш-чаранын жүрүшүндө  долбоордун I-фазасынын негизги натыйжалары менен  долбоордун II-фазасына пландаштырылган иш-чаралардын планы боюнча баяндама жасалды, ошондой эле "Орто-Алыш" суу алгычындагы модернизацияланган объекттер (хлоратордук установка) жана  адистештирилген техниканы  кароо  өттү.


Долбоордун максаты - Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, «Бишкексууканал» ӨЭБ негизги фонддорун реконструкциялоо жана модернизациялоо. Дорлбоордун алкагында  Европалык сапаттагы 107 жогорку технологиялуу насостор жана насостук жабдуулар алынып, артезиан скважиналарына орнотулган,  "Орто-Алыш" суу алгычында  16 жаңы скважина бургуланган.  41 атайын техника алынып, бул оңдоо иштерин ыкчам аткарууга, мобилдүүлүккө, автотранспортту тейлөө чыгымдаран түшүрүүгө жетишʏʏгө мүмкүндүк берди. Долбоордун башталышынан тартып 12,7 километр курулуп, суу түтүк тармактарынан суу агып кетүүсү азайып,   кызматтардын сапатынын жогорулашына мүмкүндүк берилди. Шаардын суу алгычтарында 57 ультратыбыштуу жана электромагниттик суу өлчөгүчтөр коюлду, ошондой эле  шаардын суу алгычатарында өндүрүлгөн жана берилген сууну эсепке алууну камсыздоо үчүн  программалык камсыздоо коюлду. Шаардын суу алгычтарында жана саркынды сууларды тазалоо бекетинде 32 модификацияланган жаңы хлоратордук орноткучтар  орнотулду.  


«Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында ишкана тарабынан 1,4млн. евро  өлчөмүндө кредиттик жана гранттык каражаттар үнөмдөлгөн. Бул каражаттарды «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы электр лабораториясын, атайын техниканы,  телескоптук мунарасын,  II-кезектеги насостук жабдууну сатып алууга жумшады. Алар суу менен камсыз кылуунун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатып, электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүдө.  


Долбоор 2011-жылдын 16-декабрында  күчүнө кирип, 2015-жылдын 30-июнунда    ийгиликтүү аяктады.


«Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу» долбоорунун I-фазасынын ийгиликтүү ишке ашырылышын эске алып, Швейцариянын өкмөтү менен ЕРӨБ биргелешип долбоордун II-фазасын колдоо жана анын ишке ашырылышына 16 млн. евро өлчөмүндө  (8 млн. евро - насыя катары жана  8 млн. евро -  гранттык каржылоо катары) инвестициялоо тууралуу чечим кабыл алышты.  


Долбоордун экинчи фазасынын алкагында артыкчылыктуу компоненттерди, атап айтканда бургулоо, "Орто-Алыш" суу алгычында 35 скважинаны насостор, суу жана электр тармактары менен жабдуу, суу алгычтан тартып КР Мамрезиденциясына чейин узундугу 3,3 км магистралдык суу түтүгүн жана Тыналиев көчөсүнөн  саркынды сууларды тазалоо бекетине чейин узундугу 17,65 км коллекторду (Д-600-1500 мм) курууну  жүзөгө ашыруу пландаштырылууда.


Долбоордун П-фазасында каралган бул иш-чараларды ишке ашыруу ичүүчү сууну борбор калаанын керектөөчүлөрүнө берүүнү жакшыртууга,  канализациясы жок турак жай конуштарын жана Бишкек шаарынын түштүк жана батыш райондорун борборлоштурулган канализация тутумуна кошууга,  ичүүчү  жана саркынды суулардын сапатын ченемдик документтердин талаптарына ылайык  анализдөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, долбоордун II-фазасынын ишке ашырлышы борбор шаарынын генералдык планында мурун каралбай калган Бишкектин түштүк аймагына таандык инженердик инфраструктуранын көйгөйлөрүн чечип берет.  


Маалымат:  Насыя түрүндө 5,5 миллион евро жана грант түрүндө 4,9 миллион евро бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) жана Швейцария өкмөтү тарабынан «Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу» долбооруна 2009-жылы кол коюлган.