ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын жолдору оңдолуп жаткандыгын билдирет

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын акыркы маалыматы боюнча, кварталдар аралык жана кичи райондордун ички жолдорун калыбына келтирүү программасынын алкагында калаанын бир нече көчөлөрүндө жолдорду капиталдык оңдоо иштери  жүргүзүлдү.

Аламүдүн суусунун жээгиндеги жол Скрябин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, Тунгуч кичи районунда  Анкара көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин, 8- кичи районунда  Токомбаев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин  көчөсүнө чейин жана №31/1,45,46,47,83 үйлөрүнүн араларындагы  ички жолдору оңдолду.


Муниципалдык ишкананын кызматкерлери Жукеев-Пудовкин — Токомбаев — Байтик баатыр көчөлөрү менен чектешкен айлампа веложол салууда. Веложолдун  узундугу 1,5 чакырым, туурасы 3 метрди түзөт. Учурда  асфальт төшөлүүдө.


Тизмеге ылайык, 2016-жылы калаанын 53 кварталдар аралык жана райондун ички жолдору оңдолот.