«Бишкек ордо» этно-шаарчасында ачык асман алдында Бишкек шаарынын мэриясынын үйлөмө аспаптар оркестринин жагымдуу музыкалары жаңырды
- Подробности
- Опубликовано 07.09.2016 08:57
Кырчын жайлоосунда «Бишкек ордо» этно-шаарчасында ачык асман алдында Бишкек шаарынын мэриясынын жана Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестринин жагымдуу музыкалары тартууланды.
Үйлөмө аспаптар оркестри кыргыздан жана чет өлкөлөрдүн белгилүү композиторлорунун чыгармаларын аткарышты. Ал эми «Бишкек ордо» этно-шаарчасынын коноктору булуттуу аба-ырайына карабастан ырдап, бийлешти.
Этно шаарчанын конокторуна КР эмгек сиңирген артисти Бакыт Абыкеев, Саян Исин жана Марина Шипулина ырдап беришти.
Аталган иш-чара Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |