ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Кырчын жайлоосунда Бишкектин этно-шаарчасы ачылды

5-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Кырчын жайлоосунда Бишкек шаарынын этно-шаарчасы ачылды.

Шаарчанын уюштуруучулары «Нооруз» майрамын жана Байтик Баатырдын образын чагылдырууну тандап алышкан. Окуяларды мисал менен көрсөтүү үчүн артисттер театрлаштырылган шоу жана улуттук каада-салттарды көрсөтүштү. Майрамдык концертке Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын 200 дөн ашык артисти катышты.


Этно-шаарчага көчмөн кыргыздардын жашоосун чагылдырган 16 боз үй тигилди. Ар бир боз үйдө кыргыз элинин салты, жашоосу, тарыхы, жашаган доору чагылдырылган. Бир боз үйдө таш доорундагы көчмөндөрдүн жашоосу, экинчисинде улуттук салттар жана баланын төрөлүшү, бешикке салуу, үчүнчүсүндө байыркы мезгилдеги шайлоо, төртүнчүсүндө мергенчинин үйү жана «Таш-кордо» улуттук тамагы менен конокторду сыйлоо, ал эми бешинчи боз үйдө Кыргызстандын белгилүү залкарлары Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов ж.б. сүрөттөрү илинип, заманбап жасалгаланган.