ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда жаңы балдар аянтчасы ачылды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын урматына Биринчи май райондук администрациясы райондун Заводской айылынын балдарына белек тартуулады.

Район башчысы Аскербек Алиев жана Бишкек шаардык кеңештин депутаты Нуржан Тынымсейитов райондун каражатына орнотулган балдар аянтчасын ачышты.


Район башчысы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктап, райондук администрация социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык аракеттерди жумгап жаткандыгын белгиледи.


Жыл сайын балдар спорттук аянтчаларын оңдоо жана орнотуу үчүн район тарабынан каражат бөлүнөт.