ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте орус жазуучусу Антон Чеховдун атындагы мектеп ачылды

Бишкекте Билим күнү орус жазуучусу Антон Чеховдун атындагы мектеп ачылды.

Окуучуларды, ата-энелерин жана мугалимдерди Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Кыргызстандагы «Россиянын тынчтык фонду» эл аралык коомдук фондунун өкүлү Сергей Перемышлин, Бишкектин жана Кыргызстандын  Епискобу Данил жана КР Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышты.


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова окуучуларды мектептин ачылышы жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.


«Урматтуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер! Бишкекте мындай мектептин ачылып жатышына мен абдан кубанычтамын. Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигине жана Россиянын тынчтык фондуна колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирем. Бардык окуучуларга окууларына ийгиликтерди, бекем ден соолук каалайм»,-деди вице-мэр.


Бул мектепти аяктагандар орус жана кыргыз үлгүсүндөгү аттестаттарды алышат жана Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууда артыкчылыкка ээ болушат.


Мектеп Бакаев көчөсү, №53 дарегинде жайгашкан. Бул 3 кабаттуу имаратка “Мектеп” PERCo-S-20 коопсуздуктун орус системасы орнотулган. Мектептин аймагына окуучулардын жана алардын ата-энелеринин келип-кетүүсү электрондук чип системасы аркылуу кабарланып турат. Имараттын ичи-тышына видео-байкоо орнотулган.


Мектеп 350 окуучуга ылайыкталган. Имараттын ичине жана тышына эс алуучу орундуктар, ал эми мектептин жанына парк зонасы курулган.