ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте спорттук иш-чаралар өткөрүлдү

«Локомотив» спорттук ден соолукту чыңдоо комплекиснде Ленин районунун балдар жана өспүрүмдөрү үчүн массалык спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

Мелдештердин алкагында айкидо, дзюдо жана самбо боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, көрүүчүлөргө бий топтору бийлешти. Мелдеш жеңил атлетика менен башталып, аркан тартыш, дартс, таяк тартыш,бука тартыш, стол тенниси жана кичи –футбол боюнча улантылды.


Спорттук иш-чара кызыктуу өтүп, Ленин районунун балдарына жагымдуу маанай тартууланды.


27-августтта «Дордой» спорт комплексинде балдар жана кыздар арасында спорттун футбол, волейбол, аркан тартыш жана жеңил атлетика түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.


Мелдешке Свердлов районунун 280 балдар жана өспүрүмдөрү катышты.


Бардык жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын медаль, диплом, кубок жана баалуу белектери менен сыйланышты.


Спорттук иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.