ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ишкерлер Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Жибек-Жолу проспектиси 117 дарегинде жайгашкан «Удача» кафесинин жана Жибек –Жолу проспектиси 127 дарегинде жайгашкан «Тотал» автомай алмаштыруу пунктунун кызматкерлери тарабынан жолдун жээгине курулуш таштандылары чогултулгандыгы аныкталды.

СЭИ инспекторлору тарабынан «Удача» кафесинин ээси Чымсанов С.тин, ошондой эле «Тотал» май алмаштыруу пунктунун ээси Байгазиева С. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.